• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды (сүрөт)

29 Жетинин айы 202118:18 Бишкек Govori.TV

Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу Е.В.В. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабаралады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Е.В.В. кармалды.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдан – Макаров Пистолети, 4 даана бычак, 2 даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, 7 даана банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудио файлдар табылып алынды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 532