• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Цукерберг мындан ары фейсбук менен инстаграмда фактчекинг болбой турганын билдирди

8 Үчтүн айы 202512:53 Бишкек Govori.TV

Meta корпорациясы мындан ары өзүнө тиешелүү платформаларда — фесбукта, инстаграмда жана микроблогдор сервиси Threadsде фактчекинг кызматынан баш тартат. Бул тууралуу анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг видео кайрылууда билдирген. Медуза бул тууралуу жазды.

«Биздин платформалардагы ойду эркин айтууга кайтып келебиз», — деди Марк Цукерберг.

Анын айтымында, азыр иштеп жаткан система каталардын жана цензуранын абдан көп болушуна алып келген. Ошондуктан эрежелерди жөнөкөйлөтүп, бирок өз оюн эркин билдирүүгө кайтуу зарылдыгы келип чыккан.

Мындан ары жогоруда аталган социалдык тармактарда башка колдонуучулардан эскертүүлөр кала берет, ошондой эле коомчулуктун саясатын бузган постторго даттануулар да калтырылат. Бул даттануулар биринчи кезекте контентти автоматтык түрдө сканерлөө менен эсепке алынат.

Meta ошондой эле өз лентасынан саясий контентти көргүсү келгендер үчүн да аны жашырбай, ачыкка чыгарат.

Медузанын жазганы боюнча, фактчекинг кызматы фейсбукта 2016-жылы пайда болгон. Ал АКШ президентинин шайлоосуна россиялык «троллдор фабрикасы» аралашкандыгы тууралуу чыр-чатактан соң иштей баштаган.

Фактчекинг менен Meta кызматкерлери эмес, кесипкөй журналисттерден жана редакторлордон турган башка уюмдар иш алып барышкан.

Количество просмотров: 256