• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ Иранда жүргөн кыргыз жарандарын этият болууга чакырды

13 Кулжа 202513:35 Бишкек Govori.TV

Израил менен Иран ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

Маалыматта ТИМ Ирандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарын жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырды.

«Мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин расмий маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып туруу сунушталат», — деп айтылат билдирүүдө.

ТИМ өзгөчө кырдаал жаралып калса, консулдук жардам алуу зарыл болсо Ирандагы элчиликтин ыкчам байланыш номерлери : +98 935 250 52 26; +9821 228-303-54 жана КР ТИМдин ыкчам байланыш +996999312002 номерлери аркылуу кайрылуу керектигин өтүндү.

Количество просмотров: 144