• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Эль-Класико»: «Барселона» «Реалга» утулду

25 Тогуздун айы 20201:33 Бишкек Govori.TV

25-октябрга караган түнү мадриддик «Реал» менен каталондук «Барселона» клубунун беттеши болуп өттү. Беттеш Испания чемпиондугунун алкагында (Ла Лигасы) Барселона шаарындагы стадиондордун биринде орун алды.

Оюндун 5-мүнөтүндө «Реалдын» уругвайлык жарым коргоочусу Федерико Вальверде эсеп санын ачса, көп өтпөй «Барселонанын» жаш чабуулчусу Ансу Фати эсеп санын теңеди.

Беттештин 63-мүнөтүндө «Реалдын» капитаны Серхио Рамос пенальтиден эсеп санын өзгөртсө, 90-мүнөттө «Реалдын» хорватиялык жарым коргоочусу Лука Модрич эсеп санын 3:1ге айлантты. Муну менен беттеште 1:3 эсеби катталып, «Реал» жеңишке жетишти.

Количество просмотров: 114