• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Эл оозуна алынган селсаякка өздүгүн тактоочу документтер берилет

27 Чын куран 202019:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев үйсүз калган жаран табылып, ага жолукканын социалдык баракчасына жазды. Коменданттын айтымында ал адамга өздүгүн тактоочу документтерди алууга көмөк көрсөтүлөт.

«Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Сиздердин ыкчам жардамыңыздар менен бүгүн Кайрат мырзага жолуктук. Алгач сиздердин колдооңорго ыраазычылык билдирем. Ушул оор күндөрдө бири-бирибизге жардам көрсөтүп туралы. Кайрат мырзанын ачык көңүлдүүлүгүнө жана мээримдүүлүгүнө баа бердим. Себеби берилген азык-түлүктөрдү биринчи ирээт жакындарына алып барып жана муктаж болгондор менен бөлүшөөрүн айтты. Өздүгүн тастыктоочу документтерин алууга жардам беребиз», — деп жазган ал.

Ал буга чейин үйсүз калган Кайрат аттуу жарандын социалдык түйүндөргө тараган видеосун көргөнүн, билимине суктанганын айтып, тургундарга аны табышууга жардам берүүнү өтүнгөн.

Количество просмотров: 8091