Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров дүйнөдөн кайтты.
Жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1965–1970-жж. Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1970–1971-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинин бөлүм башчысы, 1971–1979-жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары, 1979–1985-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору болгон.
2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген.