• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Элчи Аманбаев АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү менен жолукту

19 Бирдин айы 2024 22:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Борбордук Азия боюнча улук директору Николас Берлинер жана Улуттук коопсуздук кеңешинин Борбордук Азия боюнча директору Брайана Тодд менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты жакшыртуудагы актуалдуу маселелер жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашты.

Өзгөчө көңүл Борбордук Азия аймагындагы коопсуздукту камсыз кылуудагы көйгөйлөргө бурулуп, кыргыз бийлигинин бул соңку жылдары чек ара талаш-тартышын чечүү жаатында аткарган иштерининин бүтүндөй регион үчүн пайдалуу жактары талкууланды.

Ошондой эле элчи Бакыт Аманбаев маектештерине соңку жылдары президент Садыр Жапаровдун жетекчилигинде регионалдык деңгээлдеги социалдык экономикалык жана соода байланыштарын чыңдоо багытындагы аткарылып жаткан ири долбоорлор тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар конструктивдүү диалогду улантууга бириккен аракеттерин жана ниеттерин ырасташты.

Теги:
Количество просмотров: 71