• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Элчи Аманбаев Space X компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

27 Жалган куран 2024 15:31 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчиси Б.Аманбаев америкалык «Space X» компаниясынын глобалдык лицензиялоо жана активдештирүү боюнча директору Ребекка Хантер айым менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда кыргыз элин космостон берилүүчү тез ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу маселси талкууланды. Аталган америкалык компания менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр эки жыл илгер башталган. Жолугушууну жүрүшүндө Р.Хантер айым буга чейин аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Андан соң долбоорду ишке ашырууда дуушар болгон көйлөр тууралуу маалымдап, аны чечүү боюнча өз сунуштарын ортого салды.

Б.Аманбаев өз кезегинде Элчилик менен Space X компаниясынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты канааттануу менен белгилеп, келечекте да биргелешип иш алып барып, коюлган максатка жетүүгө чогуу аракет кылаарын убада кылды.

Ошондой эле тараптар долбоорду ишке ашырууда «Space X» компаниясы дуушар болгон маселерди келечекте кошумча талкуулоону убадалышты.

Starlink — америкалык SpaceX аэрокосмостук компаниясы дүйнө жүзүндөгү 90дон ашык өлкөгө космостон спутник аркылуу тез интернет менен камсыз кылат.

Теги:
Количество просмотров: 59