• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Элчи Омар Султанов БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолукту

14 Жетинин айы 202410:32 Бишкек Govori.TV

КР Швейцариядагы элчиси Омар Султанов БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

2024-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчиси Омар Султанов БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту.

Жолугушууда келерки жылы Жогорку комиссардын Кыргыз Республикасына жасай турган иш сапарынын мазмуну талкууланды. Ушул өңүттө, Кыргызстан менен БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын учурдагы кызматташуусу боюнча пикир алмашуусу болуп өттү.

Элчи О.Султанов Кыргызстандын БУУнун келишимдик органдары жана атайын процедуралары менен ачык диалогго жана өз ара аракеттенүүгө берилгендигин белгилеп, аларга өлкөгө келип кетүүгө дайыма чакырууга даяр экенин билдирди.

Количество просмотров: 101