• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Элчилик: Москвада дүкөнгө кол салгандардын арасында кыргызстандыктар жок

10 Бирдин айы 2022 15:34 Бишкек Govori.TV

Москвада дүкөнгө кол салгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-февралда Истра шаарындагы «Пятерочка» дүкөнүнө белгисиз жарандар кол салып, эсепчиси каза болгон видео тасма социалдык тармактарга тараган.

«Кыргызстандын электрондук ЖМКларында 2022-жылдын 9-февралында Москва облусунун Истра шаарында «Пятерочка» дүкөнүнүн сатуучусун тоноо жана өлтүрүү фактысы болгондугу тууралуу маалымат жарыяланганына байланыштуу Кыргызстан Россия Федерациясындагы элчилиги бул кылмышка КР жарандарынын тиешеси жоктугун расмий түрдө билдирет. Элчилик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалыматка гана таянууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 404