• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Элчилик: Орусияда миграциялык мыйзам саясатташып кетпеши керек

6 Бирдин айы 202519:30 Бишкек Govori.TV

Орусияда миграциялык мыйзам саясатташып кетпеши керектигин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев айтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

5-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси К.Боконтаев Россия Федерациясынын Ички иштер министринин Биринчи орун басары А. Горовойдун Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын башчылары менен өлкөнүн аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарды “чыгаруу режимин” киргизген Россия Федерациясынын Федералдык Мыйзамынын ченемдерин түшүндүрүү боюнча жолугушуусуна катышты.

Ал жерде сөз сүйлөп, Орусияда кабыл алынган жаңы миграциялык мыйзамдарды колдонууда бул маселе саясий өңүткө өтүп кетишин алдын алуу үчүн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин мыйзамды сактаган эмгек мигранттарына терс таасирин тийгизбеши керек экенин элчи Бөкөнтаев билдирди.

“Кубанычбек Бөкөнтаев 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ тууралуу келишимдин жоболорун эске алуу менен, экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин эмгек мигранттары үчүн каралган бардык жеңилдиктерди сактоо жана камсыз кылуу зарылдыгын, бул чаралар эмгек күчүнүн эркин жүрүүсүн камсыз кылган биримдиктин негизги принциптерине шайкеш келиши керектигине көңүл бурду”, — деп айтылат маалыматта.

2024-жылы 30-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, 1-январдан тартып чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылды. Бул Орусияда тиешелүү уруксат документтери — убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү.

5-февралда Орусияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирди. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Өлкөнүн ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузууларды жасаганы үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Количество просмотров: 289