• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эльдар Абакиров: Шайлоодо алдыга чыккандар акчанын күчү менен жеңишке жетти

12 Чын куран 2021 13:19 Бишкек Govori.TV

Шайлоодо алдыга чыккандар акчанын күчү менен жеңишке жетти. Мындай пикирин бүгүн, 12-апрелде шайлоого «Реформа» партиясы менен биригип катышкан «Адилеттүү Кыргызстан” партиясынын теңтөрагасы Элдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна окшош эле болуп калды.

«Шайлоодо добуштарды сатып алуу аракети, административдик ресурс, акча таратуу жана башка мыйзам бузуулар болгону социалдык түйүндөрдө ачык эле жарыяланып жатты. Бирок укук коргоо органдары тарабынан иш жүзүндө тийиштүү чаралар көрүлгөн жок. Ошондой эле көчмө добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар көп катталды. Үй жана квартал комитеттеринин башчылары шайлоочулардын атынан арыз беришкен. Бул жолу дагы административдик ресурс колдонгондор менен акчалуулар алдыга чыкты», — деп билдирди Абакиров.

Белгилей кетсек, 11-апрелде өткөн добуш берүүдө Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышкан. Учурда алдын ала жыйынтык боюнча Бишкек шаардык кеңешине төмөнкү партиялар өткөн:

«Эмгек» партиясы (13, 96%) ;

«Ак-Бата» партиясы (12,22%);

НДПК (КЭДП) (10,62%);

«Ата-Журт-Кыргызстан» (9,52%)

«Ынтымак» (8,3%);

«Биздин эл» (7,75%) .

Количество просмотров: 101