• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Элдар Сулайманов ЖК комитетинин төрагасынын орун басары болду

18 Үчтүн айы 20249:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралды.

Парламенттен билдиришкендей, бул орунга депутат Элдар Сулаймановдун талапкерлиги сунушталды.

Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Элдар Сулайманов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Количество просмотров: 81