• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Элди да өздөрүндөй ойлойт». Сотко келген Мадумаров жапырт камоолор тууралуу пикирин айтты

10 Жетинин айы 2022 18:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген саясатчы, активисттердин баш коргоо чарасы жана алардын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча соттук отурумдар уланды.

Жогорку Кеңештиндепутаты Адахан Мадумаров массалык башаламандык уюштурууга даярдануу деген шек менен кармалган Өзгөн районунун тургуну, активист жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаевдин соттук отурумуна келди.

Белгилей кетсек, Акыл Айтбаевдин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып, административдик сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Акыл Айтбаев 24-октябрда кармалган. Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20 дан ашуун саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот.

Количество просмотров: 3295