• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Элдик» депутаттык тобу Баткен облусуна көчмө жыйын өткөрүү үчүн барды

27 Үчтүн айы 2023 10:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобу Баткен облусуна көчмө жыйын өткөрүү үчүн келди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.

Эки күнгө созула турган көчмө жыйынга Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттык топтун мүчөлөрү Жалолидин Нурбаев, Тазабек Икрамов, Чыңгыз Ажибаев, Максатбек Сарбагышев жана Нурлан Ражабалиев катышууда. Ошондой эле Министрлер кабинетинин тиешелүү өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Алгач эл өкүлдөрү Баткен облусундагы айылдарды кыдырып, маселелер менен таанышат. Андан соң эл менен жолугушуп, көтөрүлгөн көйгөйлөрдү талкуулайт. 

Количество просмотров: 59