• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

«Элдик көзөмөлдүн» мүчөсү баңгизат менен кармалды

29 Бештин айы 202316:00 Бишкек Govori.TV

«Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунан 1987-жылы туулган М.А. айдап бараткан «Мазда-6» унаасын токтотушкан. Айдоочуну текшергенде жанынан «Элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин күбөлүгү табылган.

«ИИМдин тергөө кызматы Афур аттуу кызматтык иттин жардамы менен шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүп, мештин түбүнөн 272 грамм «гашиш» таап алышкан. Аны менен катар шектүүнүн буга чейин да бир нече ирет соттолгону такталган»,-деп жазылат маалыматта.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 164