• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Элдик координациялык кеңеш премьерликке Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүнө каршы

7 Тогуздун айы 2020 12:40 Бишкек Govori.TV

“Мекен Ынтымагы”, “Чоң Казат”, “Ыйман Нуру”, “Ордо” жана “Реформа” партиялары түзгөн Элдик координациялык кеңеш өкмөт башчынын ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүүсүнө каршы. Мындай пикирин алар бүгүн өкмөт үйүндө болгон жыйында билдиришти.

 “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков Садыр Жапаров бул кызматка келүүгө моралдык акысы жок деген пикирде.

“Садыр Жапаров алтынчы чакырылыштагы депутаттар менен тымызын чогулуп алып, өзүн өкмөт башчылыкка көрсөттү. Булардын өкмөтүнө биз каршыбыз, эл каршы чыгат. Ошондуктан, биз аларга “саясий принциптерди бузуп жатасыңар, токтоткула, элдин аң-сезимин адаштырып, тополоңго алып барууну токтоткула” деп талап кылдык. Биздин Координациялык кеңеш азыркы өкмөт иштей берсин, коопсуздукту сактап берсин деп сунуш кылып жатабыз”, — деди ал.

Количество просмотров: 916