Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттар тыныгууга кеткенден жыйындар залынын жарыгы өчүрүлдү. Буга чейин «Улуттук энергохолдинг» өкмөттүн 9-апрелдеги токтому менен жер-жерлерде зарыл эмес жарыктарды өчүрүп туруу боюнча токтом чыгарган эле.
Белгилей кетсек, быйыл өлкөдө Токтогул суу сактагычындагы суу аз болуп, электр энергиясында таңкыстык жаралууда. Учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстандан кошумча алууда.