• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Электр станциялары» ААКсына жаңы жетекчи келди

27 Бирдин айы 2020 19:21 Бишкек Govori.TV

«Электр станциялары» ААКсынын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директорлук кызматына Ачикеев Жолдошбек Ишенбаевич дайындалды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Ошондой эле директорлор кеңешинин чечими менен Кушубаков Алмаз Канатбекович башкы директордун орун басары болуп дайындалган.

Ишканадан билдиришкендей, «Электр станцияларынын» мурдагы башкы директору Таалайбек Толубаев өз каалоосу менен жазган арызына ылайык кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 476