• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мамлекеттик экспертиза департаментине жаңы жетекчи келди 

28 Жалган куран 20249:15 Бишкек Govori.TV

Маратбек Акназаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мамкурулуш агенттигинен кабарлашкандай, бүгүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов Мамлекеттик экспертиза департаментинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.

Акназаров көп жылдык тажрыйбасы бар куруучу, буга чейин Ош облусунун капиталдык курулуш башкармасынын жетекчиси кызматын аркалап келген.

Количество просмотров: 122