• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

“Электр станцияларынын” мурунку директору Узак Кыдырбаев абактан чыкты

2 Аяк оона 2019 17:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 4,5 жылга эркинен ажыратылган “Электр станциялары” компаниясынын мурунку башкы директору Узак Кыдырбаев эркиндикке чыкты.

Анын жактоочусу Бактыбек Жумашевдин айтымында, Кадырбаев жаза мөөнөтү аяктаган соң камактан чыккан.  Ал эми ЖЭБ боюнча соттук отурумга күбө катары келип жаткан.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБинде болгон авария боюнча “Электр станцияларынын” айрым кызматкерлерине  кылмыш иши козголгон. 

Узак Кадырбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган болчу.

Количество просмотров: 201