• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн салык жылдан-жылга көбөйүүдө

2 Бештин айы 202415:55 Бишкек Govori.TV

Салык кодекси боюнча 2022-жылдын январынан тарта электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет элдик компаниялар Кыргызстандын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттүү болушкан. Ал 12%ды түзөт.

Өткөн 2023-жылы Googleге болгон салыктан Кыргызстандын бюджетине 438,1 млн. сом түшкөн. Мындан тышкары электрондук кызмат көрсөткөн дагы бир топ ишканалар да салык кызматынан электрондук каттоодон өтүшкөн.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында эле Google салыгынан өлкөнүн бюджетине 678 млн 804,9 миң сом түшкөнү белгилүү болду.

Количество просмотров: 95