• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Элеонора Сыйданова: Элдин көйгөйүн көтөрүп, маселелерди туура чечимге келтирүү керек

24 Теке 2020 14:05 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттигинин медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында өткөн он-лайн тренингдин катышуучусу Беловодск айылдык кеңешинин депутаты Элеонора Сыйданова элдин көйгөйүн угуп, аны көтөрүп чыгып, туура чечим табууга аракет кылуу зарыл деп эсептейт.

«Коомдун социалдык турмушуна маани берүү зарыл. Мисалы балдарга жакшы шарт түзүү менен, биз өлкөбүздүн келечегин түзөбүз. Жана ошондой эле мен аялдардын укуктары үчүн күрөшүп келем», — дейт Элеонора Сыйданова.

Эске салсак, 18-19-июль күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында он-лайн тренинг өткөрөт. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 22 адам катталды.

Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Он-лайн тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилген.

Количество просмотров: 105