• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Элге, жерге каршы чечим кабыл алынбайт». Ташиев чек арада жайгашкан айыл тургундары менен жолукту

18 Бирдин айы 2021 13:34 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткендеги чек арада жайгашкан айыл тургундары менен жолугууда.

Ал жолугушууда жаштарды кызуу кандуулукка алдырбоого, тополоң салбоого чакырды.

«Тажикстан менен 460 чакырым такталбаган эң оор участоктор калган, бирок аны да сүйлөшүү, дипломатиялык жол менен чечебиз. Чек ара күч менен чечилбейт. Эки тараптын макулдашуусу, сүйлөшүүсү менен чечилет. Элге, жерге каршы чечим кабыл алынбайт. Биз мамлекеттин чек арасын күчтөндүрөбүз», — деди Ташиев.

Ташиев менен кошо айыл тургундарына жолугушууга өкмөттүн Баткен облусуна жаңы дайындалган ыйгарымдуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев баштаган бир нече өкмөт мүчөлөрү катышууда.

Количество просмотров: 308