• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Elite House курулуш компаниясынын башчысы Тимур Файзиев кармалды

27 Бугу 2021 17:55 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Elite House курулуш компаниясынын башчысы Тимур Файзиев кармалды. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына шилтеме берип жазды.

Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы Файзиевдин иши сотко келип түшкөнүн, бирок баш коргоо чарасы качан карала турганы азырынча белгисиз экенин билдирди.

Маалыматтар боюнча, Тимур Файзиев коррупцияга катыштыгы бар деп шектелип жатканы такталды.

Курулуш компаниясынын жетекчиси мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган, аны ведомстволор аралык тергөө тобу иликтөөдө.

Количество просмотров: 1629