• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Элиза үй буюмдарынын» өкүлдөрү алдамчылыкка шектелип кармалды

27 Теке 2021 18:00 Бишкек Govori.TV

Бишкекте алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Каржылык аферанын курмандыгы болгон жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Элмира аттуу аял кирешесин көбөйтүүнү убада кылган. Бишкек шаарынын тургуну «Элиза үй буюмдары» тобунун абоненттик номурларына акча которгон.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (алдамчылык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Б.Э. жана 1994-жылы туулган М.О. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

ИИМ кармалгандардын башка кылмыштарга тиешесин тактайт. Укук коргоо органдары шектүүлөрдүн аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандарды төмөнкү телефондор боюнча кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (553) 08-75-57, 0 (701) 00-61-06, 0 (706) 51-51-54.

Свердлов РИИБдин нөөмөт бөлүмү: 0 (312) 43-32-75.

Количество просмотров: 6880