• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Элкат» компаниясынын башкы директору жана негиздөөчүлөрү кармалды

11 Бирдин айы 202523:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Элкат» ЖЧКсынын башкы директору жана негиздөөчүлөрү кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.

Маалымат боюнча, кечээ, 10-февралда УКМКнын кызматкерлери «Элкаттын» кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, башкы директор Уланбек Толубаевди жана эки негизөөчүлөрү — Зикирали Кенжебаев менен Сергей Шмелевду кармашкан.

Алардын баары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми УКМК бул тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

Количество просмотров: 375