«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.
Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Алардын бири Элмира Мусаева «Кыйынга» келген ар бир айымдан үлгү алганын жашырган жок.
«Бул долбоордон көп нерсени үйрөнүп, мыкты айымдар менен тааныштым» деген айымыбыз Чүйдүн Жайыл районунан келген. Ал эң жогорку добуштар менен жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп келет.