• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Элмирбек Иманалиевди «чувак» деп атаган журналист талкууга алынды

23 Чын куран 202012:00 Бишкек Govori.TV

“КЛООПтун” журналисти Марат Абдыкалыков, Элмирбек Иманалиевди тааныбайм, кайдагы бир чувак каза болсо,элдин баары барышыптыр деп нааразы пикирин Фейсбук баракчасына жазып, коомчулуктун талкуусунда калды.

Ал өз баракчасына Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүп жаткан сүрөттөрү менен аны тааныбайм деп, ал жерге барган элди сындап жазган постун жарыялаган. Бул постко карата социалдык тармактагы колдонуучулар ар кандай пикирлерин жазып, талкуу жаралды.

Эл ага нааразычылыгын билдирип, уруша баштаганда бул постту өчүрүп, аны урушкан элге жооп берген видеосун жарыялады. Видеосунун үстүнө уят сөздөр менен сөгүнгөн сөздү жазган.

https://youtu.be/VBtQu85SItI

Мындан көп өтпөй «КЛООП» басылмасы маалымат таратып Марат Абдыкалыков чынында эле «КЛООПтун» журналистика мектебинде окуганын жана буга чейин басылмада фрилансер болуп иштегенин айтып, анын бул билдирүүсү азыркы учурда орунсуз болуп калганын белгилешкен.

Количество просмотров: 1111