• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Элмурза Сатыбалдиев: «Жогорку Кеңеш кааласа президенттердин кол койгонуна карабастан, ратификациядан өткөрбөй коет»

11 Тогуздун айы 2022 15:45 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу баяндаманы уккан эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев «Бул жөн гана угуу болду. Азырынча эки өлкөнүн президенттери кол коюша элек. Эгер кол койгон учурда дагы Жогорку Кеңеш кааласа ратификациядан өткөрбөй койсо болот. Анткени ар кандай эларалык келишим парламенттин ратификациясынан өткөндөн кийин гана күчүнө кирет»,-деди Сатыбалдиев.


Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен келишимди жактырды. Комитеттеги 6 депутат макулдугун берип, 4 депутат каршы болду.


Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралды. Жыйынга телефон алып кирүүгө, сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган.

Количество просмотров: 1457