• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Эльнура Садабаева: Дүйнөнүн баардык акчасын таба албайсың, андыктан колдон келишинче элге жардам берүү керек

24 Теке 2020 16:37 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттигинин медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында өткөн он-лайн тренингдин катышуучусу Эльнура Садабаева ар дайым элге колдон келишинче жардам берип туруу зарыл деп эсептейт.

Эльнура Садабаева кесиби боюнча юрист, Ысык-Көл аймактык адвокатурасынын адвокаты.

«Менин экономикалык жана юридикалык билимим бар. Учурда юридикалык кесипти аркалап келем. Буга чейин сот системасында да эмгектенгем. Жана ошондой эле «Фемида» аталышындагы юридикалык компаниянын мүчөсүмүн. Менин жашоодогу карманган позициям дүйнөнүн баардык акчасын иштеп таба албайсың, андыктан колдон келишинче элге жардам берүү керек», деди ал.

Эске салсак, 18-19-июль күндөрү “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында он-лайн тренинг өткөрөт. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан 22 адам катталды.

Катышуучулардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат.

Он-лайн тренингде маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, маалымат берүү техникасы, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилген.

Количество просмотров: 161