«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.
Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Алардын бири Чүйдөн келген Эльвира Куручбекова болду. Ал жергиликтүү кеңештин депутаты. Айымыбыз майыптыгы бар жарандарга жардам берип келет.
«Уюштуруу иштери абдан жакты. Мен үчүн жаңы байланыш технологияларды үйрөнгөнүм жакшы болду. Буга чейин жеткиликтүү деңгээлде колдонуп кебегенимди түшүндүм», — дейт ал.