«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн түштүк аймагынан келген лидер айымдар катышты. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.
Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде “Саясатта жана коомдо айымдарды кемсинткен стереотиптер” деген тема талкууланат.
Айымдар бүгүнкү эфирде коомдун социалдык жашоосундагы, саясаттагы жана башка тармактардагы айымдар кабылган тоскоолдуктар, стереотиптер жөнүндө сөз кылышмакчы.
“Кыйындын”катышуучулары:
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук боюнча башка адиси Айсулуу Мойдунованын айтымында айымдарга карата стереотиптер биздин өлкөдөй эле бүт дүйнөдө кезигет.
«Бул эми аялдарга карата саясатта жана коомдо терс кемсинткен көрүнүштөр бир эле Кыргызстанда эмес бул дүйнө жүзүндө кездешет. Аялдардын лидер болуусуна, коомдо, саясатта, ишкердик жаратуусунда көптөгөн тоскоолдуктар болуп келет да. Эми бул аялдардын ордо үйдө, бала багыш керек, үйдө отуруш керек деген терс айлор да. Аял бардык нерсеге жетишет мына коомдо эркектер менен тең тайлашып кызмат аткарып келе жатабыз, үйдөгү турмуштуу дагы, бала багып, ага мээрим берип тарбиялоону дагы, ошондой эле эл менен иштешип коомдо дагы өз ордобузду таап, кызмат көрсөтүп элге пайдабызды тийгизгенге аялдарда деле мүмкүнчүлүктөр бар, эми ошол мүмкүнчүлүктөрдү бүгүнкү күндө ушундай баягы эскиден калган кемсинтүүлөр дагы деле бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет да. Анан кудайыма шүгүр мына эки жылдан бери гендерди квота деп… эми, бул жерде деле гендер деп, эмне үчүн аялдын өзүнүн жөндөмүнө жараша жогорку деңгээлге жетти, илим жактап жатат, ошол депутаттык ишти аркалап жатат деп айтпай, бул гендерди квота менен келди деген сөз дагы бир аз аялдарга кемсинтүү жараткандай сезилет», — дейт ал.
Мойдунованын сөзүн улаган Айгулья Атабекова ар бир кыз жаштайынан тарта эле түрдүү тоскоолдуктарга кабылап келерин айтат.
«Бизде мындай да ар бир адам өзүнүн келин менен же өзүнүн баласы, же өзүнүн таанышы менен сыймыктангысы келет. Анан ошол окуган кызды же болбосо иши бар кызды, турмушка даяр, бардыгын алып кеткенге даяр кызды келин кылып алгысы келет. Бирок ошол эле учурда ал кыздын оюу анын жаратмандыгын же болбосо окуп өзүн өнүктүрүүсүнө каршы болушат. Ал ошонун диплому менен гана сыймыктангандай, а ал кыз үйдө отуруш керек, төрөш керек, үйдөгү турмушту кылыш керек. А негизи аял баарына жетишет. Саясатка келгенде деле же ошол окууга барай десең эле жолдошун чалкасынан кетет да эмнеге барасың? эмнеге окуйсуң? анан анын сага эмнеге кереги бар? деген нерсе чыгат. Анан айтасың да эми мен окуганда өзүмдү өзүм өстүрүп жатам бүгүнкү күндө биз жыйырма биринчи кылымда, өнүккөн заманда жашайбыз, ар бир технология ар бир маалымат саат, мүнөт сайын алмашып жаткан мезгилде жашайбыз деп. А эгерде аял кишиде ошол билим боло турган болсо ал өзүнүн баласына ал нерсени өткөрүп берет», — деди Атабекова.
Талкууга кошулган Нуржамал Ганыева аялдарга карата басым, бут тосуулар илгертеден эле келе жатканын белгилеп, бул сыңары стереотиптерден арылуу керек дейт.
«Эжелерди угуп жатып мен тарыхты эстеп кеттим, Жорж Санд деген жазуучу бар, ал аял болгон. Бирок ал эркектин атынан чыккан, анткени ал убакта деле аял кишилерге кабарата стереотиптер болгон. Бирок ал ошол карабастан өзүн көрсөттү да, жана ал бизге үлгү. Дагы Джейн Остин, ага да ата-энеси «жок кызым сен турушка чыгышың керек», «сен багың ачылыш керек» деген ойду мээсине киргизишкен. Мисалы жаш муун катары мага деле коом ушуну сиңирет да. Биринчи учурда сен эне болушун керек, бирөөнү аялы болуш керек деген… Аял киши буюм же колубуздагы жасалга эмес, биринчи учурда биз адамбыз», — деди ал.