• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыйын: Элеттеги материалдык туруктуулуктун кепилдиги — күнөскана

22 Теке 202518:02 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу өлкөнүн түндүк аймагынан келген лидер айымдар Ысык-Көлгө чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Элеттеги материалдык туруктуулуктун кепилдиги — күнөскана» деген тема талкууланат.

“Кыйындын”катышуучулары:

  • Чолпон Тыныбекова — Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектептин мугалим;
  • Айжан Мамыралиева — Ак-Суу районунун Ново-Вознесеновка айылы, Муса Жусупов атындагы орто мектебинин мугалими;
  • Рыскул Урумканова — №2 Кесиптик лицейдин күнөскана боюнча устаты.

Талкууда сөз баштаган Рыскул Урумканова күнөскана иштетүү анын бала чактан берки кыялы экенин айтып, бул ишинин арты менен бир топ жаштарга жол көрсөтүп, көмөк кылганына сыймыктана турганын айтты.

«Мен ушу кесип менен көп окуучуларды, жумушсуз жарандарды ушу тапта окутуп келатам. Аларга күнөсканаларды ачпаса дагы парниктерди иштеткенди үйрөнүштү, композ, биогумуз сыяктуу жер семирткичтерди да иштеткенди өздөштүрүшүүдө. Айрымдары клубника айдап жатышат, парниктерди ачып жана көчөттөрдү чыгарып атышат. Мен ошо ар бир жаранга ар бир өзүмдүн окуучуларыма да айтып келем, «такыр эле болбосо парниктерди ачып алып көчөттөрдү өстүрсөңүздөр» деп. Беш грамм помидордун көчөтүн өстүрүп, аны базарга алып барып 5 сомдон деле сатса канча деген пайда түшөт, андан сырткары өзүңөр үйүңүргө айдап аласыңар», — деди ал.

Рыскул айымдын сөзүн колдоого алган Чолпон Тыныбекова өзүнүн негизги мугалимдик кесиби менен айкалыштырып алган кичинекей кошумча каражат табуучу иши тууралуу айтып берди.

«Биздин айылдагы күнөскана жабылып калган, ошондуктан ал азыр иштебей турат. Биздин айыл негизинен көп улуттун өкүлдөрүнөн турат. Ар ким өзүнүн бакчасына кичинекей парниктерди иштетет, алардын катарында мен дагы бармын. Өзүм үйгө чакан күнөөскөн уюштуруп ал жакта гүл өстүрүп сатып келем. Рыскул эженин сөзүнө кошулам анткени бул күнөскананы ар бир үй-бүлөнүн кошумча киреше булагына дагы айлантса болот. Мен мугалимдиктердин сырткары гүл өстүрүп сатам жана эрте кышта мындай өстүргөн гүлдөрүмдү жаз менен талап кетишет. Жазында кайра ошол жерге помидор, калемпирдин уруктарынан айдайм. Андан кийин анын орду бош калганда редиска өстүрүп сатам, ордуна эле кайра бадыраң эгем», — дейт ал.

Талкууда сөз алган Айжан Мамыралиева күнөсканаларды иштетүү дайым таза өсүмдүктөрдү өстүрүп гана эмес жаштарды жумуш менен камсыз кылууга да көмөк түзөрүн айтат.

«Биздин айылда негизи күнөскана ачылган беш-алты жыл мурун, буга чейин иштеп келген бир жыл болуп калды иштебей калганына. Ал жакта жер жемиштерди, капустадан өйдө сабиз, бадыраң, помидорлорго чеийн өсчү. Анан ал ошол биздин эле мектептин жанында жайгашчу. Ар бир мектепте окуучуларга ысык тамак берилет, ошол ысык тамак менен жок дегенде жумасына эки-үч жолу салат беребиз. Жана ал күнөсканада окуучулар эмгек сабагын өтүп, түшүнүк алышат эле. Мисалы азыр бизде агрономдор жетишсиз да. Бул тарбия жаатында да болуп калат көбүрөөк балдарга маалымат бергенге аракет кылабыз. Алсак, биздин балдарыбыз Англияга кетип жатышпайбы, эмне үчүн биз ал ишти өзүбүздүн жерибиз кыла албайбыз. Ушу жерден жумуш орундар да камсыздалмак, жана экологиялык таза жемиштерибиз чыкмак. Биз азыр ушул жаатта иштеп жатабыз. Ар кайсы жерге ошол долбоорлорду жазып, айыл өкмөттөрүнөн жардам сурап жатабыз», — деп белгиледи ал.

Количество просмотров: 611