• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Элвира Сурабалдиева ЖКда тармактык комитеттин төрайымы болду

19 Бирдин айы 202616:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралды.

«Адилет Кыргызстан» жана «Элдик» депутаттык топтору аталган кызмат ордуна депутат Эльвира Сурабалдиеванын талапкерлигин көрсөтүштү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Количество просмотров: 201