• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылганын билдирди

22 Чын куран 202615:24 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Дубайга сойкулукка тартылып, кийин өз өмүрүнө кол салганы айтылган 13 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу ишти көзөмөлгө алууну бийлик өкүлдөрүнөн суранды.

Эл өкүлү бул тууралуу өспүрүмдүн апасы кайрылганын жана ишти Каракол шаардык милициясы тергеп жатканын айтты.

Сурабалдиева кызды жакындары эле ушул жолго түрткөнүн апасынын айткандарына таянып билдирди.

«Акыркы убакта үрөй учурган, кейиштүү окуялар болуп жатат. Ушуну өкмөт өз көзөмөлүңүздөргө алып бериңиздер. Апасы абдан ыйлап, жаман болуп жатат», — деди депутат.

Количество просмотров: 180