Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева жалпы жыйын учурнуда сөз сүйлөп жатып, Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсаловго кайрылды.
Депутат өз сөзүндө төрөт үйлөрүндө бэби-бокс түзүү маселесин такай көтөрүп келерин эске салды.
«3-январда Кызыл-Кыяда мечиттердин биринен дагы бир жаңы төрөлгөн ымыркай табылды, шейшепке ороп таштап кетишкен. Кээде так эмне кылып жатканыңарды түшүнбөйм, бирок бул маселени өз көзөмөлүңөргө алууңарды суранам. Бейби-бокс маселесин чечүү керек», — деди депутат.