Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси ыкчам-издөө ишинин алкагында 27-ноябрда УКМК кызматкерине 60 миң сом берип жатканда колго түшкөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик агенттиги (УКМК) билдирет.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал райондун аз камсыз болгон жашоочуларынын социалдык төлөмдөрүнө байланыштуу документтердеги мыйзам бузууларды оң жагына чечүү үчүн УКМК кызматкерине берген.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.