Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын экс-орун басары Эмил Жамгырчиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды.
Ошондой эле Жамгырчиевден тышкары, өкмөттүн аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Бакытбек Калмуратов дагы сурак берип жатканы белгилүү болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, экөө тең тергөөчүнүн тергөө буйругунун алкагында УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жеткирилген. Бакытбек Калмуратов менен Эмил Жамгырчиев өрдөктүн эти менен аткезчилик ишинде тийиштиги бар экени айтылып келген.