Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев Дубайда активист Тилекмат Күрөңов менен жолугушуусунан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу билдирди.
Экс-депутат билдирүүсүндө АКШда делген активист Тилекмат Күрөңов менен байланышта болгонун айткан.
«Тилекматтын кызы өзгөчө бала экенин билгенде жардам берүүдөн баш тарта алган жокмун. Атамдын оорусуна байланыштуу чет өлкөгө учуп кетем десем, Тилекмат менден ага Бириккен Араб Эмираттарына билет сатып алып, кызына материалдык жактан жардам бере тургандар менен тааныштырууну суранды. Дубайда жолугуп тамактандык. Мен ага жардам бердим», — дейт Жамгырчиев.
Жамгырчиев кийинчерээк активист алардын Дубайдагы жолугушуусун видеого жаздырып алып, коомчулукка жарыялоо менен шантаж кылып, андан дагы акча талап кыла баштаганын айтат.
Буга чейин АКШда жүргөн активист Тилекмат Күрөңов (Кудайбергенов) социалдык тармактарда билдирүү таратып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев аны АКШдан Дубайга чакырып, авиа билеттерди да сатып бергенин айтып, ал эми Дубайга келгенден кийин Кыргызстанга экстрадициялоо максатында полицияга өткөрүп бергенин билдирген.
Эске салсак, Тилекмат Күрөңов (Кудайбергенов) акыркы бир нече жылдан бери кыргыз бийлигин сындап келет. 2021-жылы Конституцияны өзгөртүүгө жана Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы чыккан. Ошол эле жылдын март айында активист кармалып, камакка алынган — сот аны бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган деп таап, 1,5 жылга эркинен ажыраткан. Эркиндикке чыккандан кийин активист Кыргызстандан чыгып кеткен.
Ал эми 2024-жылдын январында УКМК Тилекмат Күрөңовду издөөгө салган. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталып келет.
Ушу тапта Тилекмат Күрөңов менен Эмил Жамгырчиев социалдык тармактарда окуянын өз версиясын биринен сала бири айтып жатышат. Булардын кимиси чын айтып, кимиси жалган айтып жатканы азырынча белгисиз.