• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эмилбек Каптагаев: Баткенде эл кырылып атканда Коргоо министри менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Рахмондун маңдайында көк чай ичип отурушту

1 Кулжа 2021 10:39 Бишкек Govori.TV

“Баткенде эл кырылып, өлкөбүздүн кыйыры бүлүнүп атканда Коргоо министри менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Рахмондун маңдайында көк чай ичип отурушту. Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди.

“Мындан 4 жыл мурда Виолетта Скворцова деген Беларусиялык 19 жаштагы спортсмен кыз жеңил атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында Европа мелдешинде биринчи орун алып, сыйлык тапшыруу учурунда Беларусиянын гимни жаңырбай башка гимн ойной баштаганда пьедесталдан түшүп кетиптир. Анын бул жоругу катуу чуу чыгарып, уюштуруучулар гимнди алмаштырып алганы үчүн кечирим сурашып, эртеси сыйлык тапшыруу расмисин кайра өткөрүшүптүр… Ошол окуянын видеосун азыр көрүп деле көзгө жаш аласың, кичинекей кыздын эрдигине суктанасың…

Ошону менен бирге «аттиң ай» деп ээрдиңи тиштейсиң. Ушул кичине кыз жасаганды быйыл биздин генералдар жасай албай коюшпадыбы? Баткенде эл кырылып, үйлөр өрттөлүп, өлкөбүздүн кыйыры бүлүнүп атканда Коргоо министри менен Коопсуздук кеңешинин катчысы ошол Дүйшөмбүдө болчу.
Болгондо дагы Президент Рахмондун маңдайында. Ошол жерден тура калышып, кызыл кыргын үчүн жооп сурап, ОДКБнын катчылыгында бул маселенин талкууланышын, агрессиянын токтотулушун талап кылып, сөздөрү өтпөсө бурулуп чыгып кетүүнүн ордуна мурундарын тердетип көк чай ичип отурушту.

Баатыр күн сайын, саат сайын эле баатырлык кыла бербейт, эрдик мына ошондой тагдыр чечүүчү, кыйчалыш кырдаалда жасалат”, — дейт Каптагаев.

Количество просмотров: 2782