• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эмне үчүн Жээнбековдон экс-президент макамын алуу керек? Түмөнбаевдин жообу

29 Кулжа 2023 12:58 Бишкек Govori.TV

Депутат Акылбек Түмөнбаев «эмне үчүн Жээнбековдон экс-президент макамын алуу керек?» деген суроонун айланасында журналисттерге комментарий берди.

Анын айтымында, Жээнбеков өз мөөнөтүн Атамбаев менен кармашып өткөрүп жиберди.

«Жээнбеков президенттик мөөнөтүн толугу менен аягына чыгарган жок. 2020-жылдын октябрь айында эмне болгонун өзүңүздөр билесиздер. Мындан тышкары 3 жыл президент болуп турган мезгилде мамлекет үчүн кызмат кылбай, өзүн президент кылган адам менен кармашып, башка иши жок сыяктуу отуруп калды. Бүгүнкү күндө мамлекеттин артка кетип, кайра алдыга жылбай жатканынын бир себеби ошол»,-дейт Түмөнбаев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев «Азаттыкка» маек берип, Жээнбековдон экс-президент макамын алуу демилгесин көтөрө турганын айткан.

Количество просмотров: 163