• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түмөнбаев Көк бөрү федерациясын жетектөөдөн баш тартты

18 Бирдин айы 2023 8:32 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен баш тартты.

Маалым болгондой, 17-февраль күнү Акылбек Түмөнбаев Талас Бегалиев менен жолугушкан.

Түмөнбаев азыркы тапта президент татыктуу өз ишин аткарып жатканын айтып, ийгилик каалаган.

Эске салсак, 16-февралда Көк бөрү федерациясынын айрым аймактарынын жетекчилери жана улакчылар кезексиз жыйын өткөргөн. Анда Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиевдин ишмердүүлүгүнө нааразычылыктар айтылган. Жыйындын жыйынтыгында Талас Бегалиевдин ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев шайланган.

Бегалиев курултайды бир гана президент чакыра аларын айтып, өткөн съезд мыйзамсыз экенин айтып чыккан.

Количество просмотров: 294