• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Эмне эле артист болуп жатасыз». Депутат Алиев Мадумаровго кайрылды

29 Кулжа 2022 12:49 Бишкек Govori.TV

Депутат Медер Алиев бүгүн, 29-июндагы жалпы жыйында сөз сүйлөп кесиптеши Адахан Мадумаровго нааразы болду.

«Адахан Кимсанбаевич эмне үчүн билип туруп шоу кылып жатасыз? Эми регламентте ушундай норма, буга чейин комитетте каралат, талкууланат бул жерге келет, өтөт… Чынында регламентте туура эмес болуп калган, кайсы мыйзамга добуш берип жатасың билбей каласың. Бирок, Адахан Кимсанбаевич билип туруп, «элге жагынайын» деп туруп, бул жерде баардыгы акылсыздар олтургансып, жалгыз сабаттуу болгону өкүндүрбөй койбойт», — деди ал.

Количество просмотров: 12343