Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында мамлекеттер ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлат. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен салтанаттуу иш-чаралар жана эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.
Ошондой эле Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу пландалууда.
Тажикстандын президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 12-13-мартта болот.