Бишкекте балалуу аялды салбай кеткен маршрутканын айдоочусу менен ал иштеген фирмага айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Совет бригады» маршруттук фирмасынын жетекчисине 13 миң сом, ал эми айдоочуга 11,5 миң сом айып салынып, окуянын чоо-жайы териштирилген.
«Компаниянын жетекчилигине жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди»,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Бишкек шаарындагы маршруткалардын биринин айдоочусу коляскасы болгон үчүн эне-баланы транспортко салбай жаткан видео тараган болчу.