Энергетика министрлиги 2024-жылы Дүйнөлүк банктын линиясы боюнча 600 миң «акылдуу» эсептегич сатып алат. Бул тууралуу ведомствонун башчысы таалайбек Ибраев 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында билдирди.
Анын айтыында, акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен авариялык абалдардын саны кыскарат.
«Энергетика министрлиги жакынкы 2 жылда бардык абоненттерди (1,5 млн) «акылдуу» эсептегичтер менен камсыз кылууну пландаштырууда, бул жылы 800 миң абонентти, 2025-жылы калган 700 миң абонентти камсыздоону пландоодо», — деди ал.
Эскерте кетсек, 2023-жылы министрлик жалпы 108 миң 996 «акылдуу» эсептегич орноткон.