• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

«Манас» аэропортуна барчу альтернативдик жолду июлда ачуу пландалууда

17 Кулжа 202610:44 Бишкек Govori.TV

Мэриядан билдиришкендей, «Манас» эл аралык аэропорту менен байланыштыра турган альтернативдик унаа жолунун курулушу кызуу жүрүүдө. Алсак, асфальт-бетон төшөөгө даярдык көрүү, инженердик коммуникацияларды тартуу жана бордюрларды орнотуу иштери аткарылып жатат.

Курулуш иштерин ушул жылдын июль айынын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Жаңы жол транспорттук тармактын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, аэропорт менен ыңгайлуу жана тез каттамды камсыздоого, ошондой эле азыркы иштеп жаткан жолго түшкөн унаа жүгүн азайтууга багытталган.

Количество просмотров: 24