• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эрдогандын АКШ элчисине айткан сөзү: «Уялбайсыңбы, бир аз ойлонуш керек да. Бул жакта сенин сүйлөшө турган адамың-президент…»

4 Чын куран 2023 9:01 Бишкек Govori.TV

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган президенттик шайлоого оппозициядан көрсөтүлүп жаткан Кемал Кылычдароглу менен жолугушкан АКШнын элчисин Анкарада кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Түркиянын президенттигине жети оппозициялык партиядан көрсөтүлүп жаткан Кемал Кылычдароглу менен жолугуу демилгесин америкалык дипмиссиянын өкүлү Жеффи Флейк көтөргөн.

«Жо Байдендин элчиси Кемал мырза менен жолугууда. Уялбайсыңбы, бир аз ойлонуш керек да. Сен элчисиң. Бул жакта сенин сүйлөшө турган адамың — президент. Ушундан кийин кайсы бетиң менен президентке жолугам деп айтасың? Биздин эшигибиз жабылды, мындан ары бул жакка жол жок. Эмне үчүн? Өз ордун билсин», — деген Эрдоган.

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген. Учурдагы президентке негизги оппонент — «Республикалык альянстан» чыккан бирдиктүү талапкер Кемал Кылычдароглу. Мындан тышкары, шайлоого Memleket партиясынын лидери Мухаррем Индже жана Ata альянсынан Синан Оган катышууда.

Шайлоого чейинки изилдөөлөр алдыдагы жарыштын фаворитин аныктай элек, анткен менен эксперттер бийликтеги партия үчүн бул шайлоо кыйла оор болорун божомолдоп жатышат. Буга 50 миң кишинин өмүрүн алган жер титирөөнүн кесепети жана өлкөдөгү оор экономикалык кырдаал себеп болорун айтышууда.

Количество просмотров: 8639