• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эркин Мамбеталиевдин батирлери, машиналары, эс алуу борбору мамлекетке өттү

25 Аяк оона 202417:22 Бишкек Govori.TV

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы Эркин Мамбеталиевдин мүлкүн мамлекеттин балансына өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалык бул мүлк кылмыш жолу менен табылганын, 5 миллион 716 миң 307 доллар же 489 миллион 886 миң сомду түзгөнүн белгиледи.

Мамлекетке өткөн мүлктөр:
Ысык-Көлдүн Өрнөк айлындагы “Эдельвейс” эс алуу борбору,
Бишкектен 2-3 бөлмөлүү батирлер,
“Lexus LX 570”, “Dodge RAM” үлгүсүндөгү машиналар, 3 гидроцикл, 3 квадрацикл, боз үй.

Э.Мамбеталиев 8-августта Бишкектен Рыспек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деп кармалган.

Количество просмотров: 164